Студент кыздын өлүмү: А. Салянованын агасы кармалды (видео)

788

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова АКШда кармалган агасы тууралуу үн катты. Жеке ишкер, 57 жаштагы Калыбек Салянов 19 жаштагы Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча тергөөгө тоскоолдук жараткан деп айыпталууда. Ал 2014-жылы студент кыз каза болгон түнү тартылган саунадагы видеотасманы өчүрүп салган деп күнөөлөнүп жатат. Чуулгандуу окуяга жакын арада 5 жыл болот.

Бирок бул кылмыштын бети ачылбай, эмдигиче шектүүлөр дагы табыла элек. Ички иштер министрлигине келген жаңы жетекчинин баары Дүйшөбаеванын ишине чекит коюлат, деп сөз бергенине карабай, жумуш ордунан жылган жок. Өткөн аптада Калыбек Салянов АКШда кармалганы кабарланган. Бирок Дүйшөбаеванын иши боюнча эмес, башка маселеге байланыштуу. Иш чын эле чиеленишкенби же таасирлүү адамдардын катышы болгону үчүн бети ачылбай жатабы?