Студентке кол көтөргөн мугалим кызматынан бошотулабы? (видео)

1244

Бишкекте политехникалык колледждин студентине кол көтөргөн мугалим кызматынан бошотулушу мүмкүн. Бул тууралуу Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жетекчилиги билдирди. Кечээ күнү интернетте 1-курсттун студентин журнал менен башка чапкан окутуучунун видеосу тараган. Аны жүктөгөн интернет колдонуучу, видеотасмага түшүп калган педагог студенттерге ушундай мамиле жасаарын билдирген. Ал эми Политехникалык колледжде окугандардын көпчүлүгү тескерисинче, 1-курстун студенттери мугалимди атайын ушундай абалга жеткирип, уюлдук телефонго тартып алышы мүмкүн, деп билдиришүүдө. Кандай болгон күндө да, учурда бул окуя боюнча билим берүү мекемесинде атайын комиссия түзүлүп, окуяга катыштыгы бар адамдар түшүндүрмө беришүүдө.