Студенттер административдик кысым күч алганын айтышууда (видео)

744

Бишкекте жарандык активисттер жогорку окуу жайларын кыдырып, шайлоодо студенттерди администрациялык ресурстан коркпоого, алданбоого чакырышты. 20 чакты кишиден турган топ «Биз коркпойбуз!», «Студенттер, ойгонгула!», «Администрациялык ресурска жол жок!» деген жазууларды көтөрүп жүрүштү. Жаштарга окуу жайдын жетекчилиги тарабынан кысым болгон учурда эмне кылуунун жол-жоболорун айтышып, ал эми ректораттын өкүлдөрүнө эскертме кагаздарын таратышты. Университтетин мугалимдери мыйзам чегинде иш алып барып жатканын айтышса, студенттер администрациялык кысым бар экенин жашырышкан жок.