Студенттер германиялык сантехниканы орнотууну үйрөнүшүүдө (видео)

703

Бишкек шаарындагы №5 кесиптик лицейдин студенттери эми германиялык заманбап сантехникасын орнотуу ыкмаларына үйрөнүшөт. Билим мекемесинде жаңы маашыгуучу борбор пайда болду. Борборду Германиянын сантехникалык жабдыктарды өндүргөн ири компаниялардын бири ачты. Устаканага жаңы жана заманбап аспаптар, кайтарымсыз негизде берилди.

Бул долбоор эки өлкөнүн алакасын бекитип, достук мамилени чыңдоо максатында ишке ашырылууда. Учурда Кыргызстанда Германиянын эки ишканасы ийгиликтүү иштеп жатат. Ал эми жаңы ачылган окутуу борбору келечекте биргелешкен экономикалык долбоорлорду ачууга түрткү болот, дешет эки тарап өкүлдөрү.