Студенттер өлкөгө кайтып, туристтер саякатын токтотууда (видео)

928

Кытайда билим алып жүргөн кыргызстандык студенттер мекенине кайта башташты. «Ак-Жол» өткөрмө бекети аркылуу дагы алты студент өлкөгө келди. Алар ак халатчандардын текшерүүсүнөн өтүп, Чүй областынын Москва районунун аймактык ооруканасына жаткырылды. Студенттерден коронавирустун белгилери табылган жок.

Ошентсе дагы 14 күн дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат. Буга чейин Кытайдан 6 студент Казакстан аркылуу мекенине кайтып, Ысык-Ата районундагы ооруканага жеткирилген. Мындан тышкары, учурда туристтер бир гана Кытайга эмес, башка өлкөлөргө дагы саякаттоону токтотуп жатышат.