Студенттерди бир талапкерге добуш берүүгө үндөө фактысы боюнча иш козголду

968

Студенттерди коркутуу менен белгилүү талапкерге добуш берүүгө үндөө фактысы боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Эске салсак, буга чейин Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиянын окутуучусу куратордук саат өтүп жатып, студенттерди КСДПнын талапкери үчүн үгүттө тууралуу аудио жазуу тараган. Анда окутуучу эгер студенттердин бул талапкерден башкасына добуш бергени байкалса, окуудан куулуп кетерин айтып, коркутканы жазылып калган.

Буга кошумча, башка талапкерди колдоп, добуш берерин айткан студентти аудиториядан чыгарып жиберген. Бул боюнча жарандык активисттер Башкы прокуратурага арыз менен кайрылышкан. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы укуктук баа берүү үчүн тийешелүү материалдарды Башкы көзөмөл органына жолдогон болчу.