Студенттерди түйшүккө салган Кытай визасы (видео)

810

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги студенттердин виза маселеси боюнча Кытай элчилигине нота жөнөттү. Мекеменин консулдук кызмат департаментинен билдиришкендей, виза ала албай жаткандар окууга өз алдынча тапшырган студенттер. Буга чейин Кытай элчилиги менен Кыргызстан ортосунда атайын келишим түзүлгөн.

Ага ылайык 14-августтан тарта 27-сентябрга чейин кыргызстандык студенттер үчүн Кытай элчилигинде «жашыл коридор» ачылып, миңден ашуун кыргыз жарандарына студенттик виза берилмек. Бирок Кытай тарап окууга өз алдынча тапшырган студенттерге электондук кезектин негизинде гана виза берилет деп жатат. Учурда окуудан кечигип жаткан студенттердин саны 50гө жакындап калды.