Студенттердин контракт акысын арзандатуу керекпи? (видео)

3697

Жогорку окуу жайларынын мугалимдери декабрь айындагы маянасын өз убагында ала албай калышы мүмкүн. Буга студенттер окуу акысын төлөбөй жатканы себеп болууда. Бир университетте жалпы студенттердин 20-35 пайызы гана контрагын төлөгөн. Ал арада Акыйкатчы аппараты жогорку окуу жайларындагы акыны азайтууну сунуштады.

Муну укук коргоочулар пандемияга байланыштуу окутуу процесси онлайнга өткөндүктөн, университеттердин коммуналдык чыгымдары азайгандыгы менен түшүндүрүүдө. Бирок буга университетте иштегендер каршы. Анткени биринчи кезекте мугалимдердин айлыктары кыскарат дешет.