Студенттердин окуудан тышкары жашоосу (видео)

4150

Нарын шаарында жакынкы күндөрү жаңы үлгүдө жасалган таштанды челектер пайда болушу мүмкүн. Алар калың катуу кагаздан жасалган. Калаанын аялдама жана башка коомдук жайларына коюла турган таштанды идиштер үчкө бөлүнөт.

Биринчи урнага кагаз, экинчисине картон болсо, үчүнчүсүнө желим таштандылар ыргытылат экен. Бул идея Борбор Азия университетинин студенттерине таандык. Жаштар картондон жасалган таштанды урналарды өздөрү билим алган окуу жайга орнотушкан.