Судья Алымкуловдун аракетине Сотторду тандоо кеңеши баа бериши керек

841

Кыргызстандын соту тарабынан 20 жылга сыртынан кесилип, эл аралык издөөдө жүргөн адамдын доо арызын канааттандырган судьянын жоопкерчилигин кароо керек. Мындай талап менен бүгүн парламенттин отурумунда депутат Кенжебек Бокоев чыкты. Пленардык жыйында НТС телеканалынын айланасында болуп жаткан кырдаал тууралуу маселе көтөрүлдү.

Эл өкүлдөрүн качкын президенттин уулу Максим Бакиевдин жакын адамы, финансылык махинациялар үчүн сыртынан эркинен ажыратылган Сергей Костыриндин НТС телеканалы боюнча доо арызын Бишкектин райондор аралык сотунун судьясы бир нече сааттын ичинде карап, эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкердин пайдасына чечип бергени нааразы кылууда. Депутаттардын айтымында, судья Алымкуловдун аракетине Сотторду тандоо кеңеши баа бериши керек.