Судья Алымкуловдун аракетине укуктук баа берилиши керек (видео)

764

Белиз өлкөсүндө оффшордук аймакта катталган «Грекстон Кэпитал» компаниясынын доо арызын карап, алардын пайдасына чечим чыгарган судья Айдарбек Алымкуловдун аракетине укуктук баа берилиши керек. Дасыккан юристтердин айтымында, Бишкектин райондор аралык сотунун судьясы акылга сыйбаган чечим кабыл алуу менен, Кыргызстанды бүт дүйнөгө уят кылды. Анткени сыртынан соттолуп, эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкерлердин доо арызын канааттандырган тажрыйба жокко эсе экен. Эксперттердин айтымында, өлкөдө кош стандартуулук жок болсо, анда судьяга карата УКМК менен Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголушу керек.