Сугат суунун азабын тарткан дыйкандар (видео)

2169

Сугат суунун жетишсиздигинен улам Чүй областынын бир топ айылынын дыйкандары министрлер кабинетинин алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар суу бөлүштүрүүдө башаламандык болуп, жергиликтүү бийлик кырдаалды көзөмөлдөбөй жатканын айтып, арызданышты.

Мындай шалаакы мамиле улана бере турган болсо, дыйкандардын эгин талаалары күйүп, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаралышы мүмкүн дешүүдө. Тиешелүү министрликтин өкүлдөрү болсо сууну ченеп берилишине анын аз келүүсү негиз болуп жатканын айтышты.