Ак калпакты жасоо өнөрү ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди

3530

Колумбиянын Богота шаарынан сүйүнүчтүү кабар келди. Аталган калаада өткөн ЮНЕСКО уюмунун комитетинин мамлекеттер аралык бейзаттык маданий мурастарды сактоо сессиясында Кыргыздардын ак калпагын жасоо өнөрү жана кийүү маданияты ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди. Бул тууралуу «Кийиз дүйнө» коомдук фонду Инстаграм баракчасы аркылуу билдирди.

Буга чейин аталган ардактуу тизмеге «Манас, Семетей, Сейтек» эпикалык үчилтиги, кыргыз-казак элине орток «Айтыш» өнөрү, ала кийиз менен шырдак, Кыргызстан менен Казакстандын атынан боз үй даярдоо боюнча салттуу билим жана ыкмалары, катырма-жупка, Нооруз майрамы жана Көк-Бөрү оюну кирген.

Ал эми ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданият жана жаратылыш мурастары боюнча тизмесине Кыргызстандын Сулайман-Тоо, Жибек Жолу, Тянь-Шань коридорундагы маршрут кирген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.