Бүгүн Чыңгыз Айтматов 91 жашка чыкмак (видео)

3132

Бүгүн Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Жазуучу арабызда болгондо 91ге чыкмак. Бүгүн аны эскерүү жана элесине куран түшүрүү үчүн «Ата Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине Айтматовдун жакындары, замандаштары жана адабият сүйүүчүлөрү барышты.

Адабиятчылардын айтымында, Чыңгыз Айтматов калеми менен дүйнөнү багындырган жана өзүнө түбөлүк эстелик тургузган. ЮНЕСКОнун билдирүүсү боюнча Айтматов бүгүнкү күндө чыгармалары көп басылган дүйнө классиктеринин бири.