Сүйүнчү алуу үчүн 500 сом пара бергендер көбөйүүдө (видео)

1420

Сүйүнчү пул алуу үчүн пара берүү керек. Мындай арыздар менен жарандар Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып жатышат. Бир жолку пособие алуу үчүн көптөгөн документтерди чогултуп отурбай, маселе 500 сом акча менен чечилип жатканы айтылууда. Бирок Мамлекеттик каттоо кызматы эл өкүлдөрүнүн мындай айыптоолорун четке кагышты. Эгерде пара алуу фактысы далилденсе, кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, мыйзам бузган кызматкер жумуштан бошотулат, дешет Мамкаттоонун өкүлдөрү. Ал арада социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пул тууралуу жаңы сунуштап жаткан мыйзам долбоору боюнча да нараазычылыктар арбый баштады.