«Сулайман-Тоо» музейи жаңы экспонаттар менен толукталды (видео)

1667

Сандыкта сакталган баалуулуктар. Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» тарыхый-археологиялык музейинде ушундай аталыштагы өзгөчө көргөзмө өтүп жатат. Ага 20 дан ашык экспонат коюлган. 19-кылымдан калган бул баалуу буюмдар Ош областынын Ноокат районунун Каранай айылынын тургуну Нуска Калназаровага таандык.
Жез, жыгач жана чоподон жасалган үй тиричилигине керектелүүчү идиш-аяктар муундан-муунга өтүп келген. Нуска Калназарова көзү өткөндөн кийин кызы буюмдарды музейге тапшырган. Бул эненин кызына айткан керээзи болгон.