Сулайман-Тоонун жанындагы кафе-ресторандар түрттүрүлөбү? (видео)

1025

Сулайман-Тоо музей-комплексинин аянты расмий түрдө аныкталды. Бул тарыхый жайдын кызыл китеби жок болгондуктан, 36 жылдын ичинде тоого таандык 79 гектар жерге мыйзамсыз объекттер курулуп калган. Соттошуудан майнап чыккан эмес, анткени комплекстин аянтын так аныктаган документ жок болчу. Эми убагында мыйзамсыз менчиктештирилген же узак мөөнөткө ижарага берилип кеткен жер участоктору кайра кайтарылат. Бул үчүн заңгырата салынган кафе-ресторандарды түрттүрүүгө туура келет. Буга ишкерлер жол береби?