Султан Жумагулов акыркы сапарга узатылды (видео)

695

Белгилүү журналист, жазуучу, Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун сөөгү жерге берилди. Маркум менен коштошуу зыйнаты Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук драма театрында өттү.

Ага өкмөт башчысы, президенттин аппаратынын жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, Султан Жумагуловдун санаалаштары жана жакындары катышты. Анын сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлуп, президент Сооронбай Жээнбеков топурак салды. Султан Жумагулов 2 күн мурда онкологиялык дарттан улам каза тапкан.