Султан Жумагулов дүйнө салды (видео)

1041

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов дүйнө салды. Ал көптөн бери онкологиялык оорусу менен күрөшүп келген. Султан Жумагулов 1959-жылы Нарын областынын Ат-Башы районунда төрөлгөн.

Кыргыз мамлекеттик университетинин «журналистика» адистиги боюнча бүтүрүп, көп жылдар бою Кыргызстандын алдыңкы гезиттеринде журналист, «Би-Би-Си», «Азаттык», ЭлТР, КТРКда жетекчилик кызматтарда эмгектенген. Султан Жумагулов коомчулукка журналист, медиа эксперт, жазуучу катары таанымал. Анын сөөгү 10-октябрда Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүндө жерге берилет.