Султан Раев Нобель сыйлыгын алабы? (видео)

1841

Жазуучу Султан Раевдин чыгармачылыгы Нобель сыйлыгына татыктуу деңгээлге жакындап калдыбы? Автордун соңку ийгиликтеринен кийин бул тууралуу пикирлер чет элдик адабий чөйрөдө айтыла баштады. Жакында эле, Швецияда өткөн эл аралык адабий сынакта 1600 акын-жазуучунун эмгектеринин арасынан Султан Раевдин «Топон» деген аталыштагы романы баш байгени жеңип алды. Эми конкурстун уюштуруучулары жазуучунун соңку чыгармасын англис жана орус тилдеринде китеп кылып басып чыгарышат. Кыргызстанда болсо, «Топон» романы «Ала Тоо» журналынын бир нече санында жарыяланган. Ал арада Султан Раевдин эмгектери Нобель сыйлыгына көрсөтүлүшү мүмкүн, деген пикирлер айтылууда.