Султан Раевдин «Топон» романы эл аралык адабий сынакта баш байгени алды

1716

Жазуучу Султан Раевдин «Топон» аттуу романы Швецияда өткөн эл аралык адабий сынакта баш байгени алды. Бул тууралуу жазуучу, драматург өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу жарыялады. Сынакка жалпысынан дүйнөнүн 38 өлкөсүнөн 1600 акын-жазуучунун эмгектери келип түшкөн.

Султан Раевдин «Топон» аттуу эмгеги «ири проза» категориясында 347 роман жана повесттердин ичинен биринчи орунду алган. Бул жарыяны алгач укканда, жазуучу көзүнө жаш алганын жашырган жок.

Мындан тышкары, Султан Раевге биринчи орун менен кошо «Нобель» сыйлыгынын лауреаты Генрик Сенкевич атындагы эл аралык сыйлык да тапшырылган. «Топон» романы жакында Москва шаарынан басылып чыгуусу күтүлүүдө.

Жазуучунун «Канышанын көз жашы» аттуу чыгармасы Англиянын ханышасы Елизавета II атайын сыйлыгына татыган.