Сүлүктү шаарында шахта басып калган кенчинин абалы оор болууда

1355

Баткен областынын Сүлүктү шаарында шахта басып калган кенчилердин биринин абалы оор болууда. Бул тууралуу жергиликтүү ооруканадан билдиришти. 2 күн мурда аймактагы жеке кендердин биринде көмүр шахтасы урап түшүп, ал 4 адамды басып калган.

Бактыга жараша алар аман-эсен куткарылып, бейтапканага жиберилген. Учурда бир адамдын абалы оор болуп, реанимацияда жатат. Калганынын акыбалы канааттандырарлык.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын маалыматы боюнча, быйыл Кыргызстандагы кендердеги кырсыктардан 17 кишинин өмүрү кыйылган. Адам өлүмү менен коштолгон кырсыктардын 12си көмүр, калганы алтын кендеринде болгон. Баткен областынын Сүлүктү шаарындагы көмүр кендерде 10 кайгылуу кырсык катталган.