Сүлүктү шаарындагы шахтада иштеп жаткан 4 киши газга ууланып каза болду

2723

Баткен областынын Сүлүктү шаарындагы шахтада иштеп жаткан 4 киши каза тапты. Бул тууралуу маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тастыкташты. Окуя кечээ күнү  бештер чамасында болгон.

Берилген маалыматка караганда, аймактагы Парча-Тоо тилкесинде жайгашкан “Ормон” шахтасында газ чыгып, анын кесепетинен шахтада иштеп жаткан 4 жумушчу ууланып каза тапкан. Кырсык болгон жерге куткаруучулар тартылып, алар 250 мертден ашык тереңдиктен маркумдардын сөөгүн алып чыгышкан.

Маркумдардын төртөө тең Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн Айбике айылында жашашчу жана алардын экөө бир туугандар болгон. Куткаруучулар мерт болгон адамдардын сөөгүн туугандарына өткөрүп беришкен.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.