Суматра аралындагы Синабунг жанар тоосу күл бүркүп жатат

770

Индонезиянын Суматра аралындагы Синабунг жанар тоосу атылып, ал жергиликтүү тургундарды дүрбөлөңгө салды. Бул туурасында Синьхуа агенттиги кабарлады. Видеодо көрүнүп тургандай, вулкандан чыккан күл беш чакырым бийиктикке чейин көтөрүлгөн.

Индонезиянын өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу агенттиги билдиргендей, ысык күлдөн турган булут кратердин айланасына 5 чакырымга чейин жайылды. Ошондой эле, өлкөдөгү вулкандарды иликтөө боюнча мекеме авиакомпанияларга коркунучтун «кызыл деңгээлин» жарыялап, аба каттамдарына тыюу салууну талап кылды.

Синабунг жанар тоосунун бийиктиги 2,5 миң метр, ал 400 жыл уктап жатып, 2010-жылы атылган. Андан кийин 2015-жылы да коркунуч жаралып, 5 миңге чукул адам ал жерден көчүрүлгөн. Бул ирээт жергиликтүү элге алдын ала эскертүү берилип, бирок алардын көпчүлүгү эвакуацияга макул болбой коюшту.