Супарадагы өрттүн себептери (видео)

687

Бир түндө эле өлкөнүн 2 аймагында ири өрт чыкты. Кечээ кечки саат 10:30 чамасында Караколдогу Ак-Тилек базарын жалын каптады. Тилсиз жоо 15 контейнерди жалмап кеткен. Кырсык газ баллондун жарылышынан улам чыкканы айтылууда. Өрт кырсыгы түндө Чүй областында да катталып, «Супара» этнографиялык комплексинин жүздөгөн чарчы метри күлгө айланган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өрт тууралуу билдирүү болжол менен түнкү саат экилерде түшкөн. Азырынча бул кырсык эмне себептен чыкканы жана канча материалдык чыгым келтирилгени аныктала элек. Адамдар жабыркаган жок. Учурда «Супара» этнокомплекси кадимки тартипте иштеп жатат.