Сурамжылоонун жыйынтыгы: Сот тутумуна болгон ишеним төмөн

647

Жалпы эле Кыргызстандын сот тутумуна болгон ишеним төмөн экенин көз карандысыз изилдөөлөр дагы тастыктап келет. Мисалы, 2016-жылы «SIAR research and consulting» аттуу эл аралык уюм жүргүзгөн сурамжылоонун натыйжасында, Кыргызстандын соттору эң коррупциялашкан мамлекеттик органдардын арасынан жол кайгуул кызматынан кийинки экинчи орунду ээлеген.

Изилдөө көрсөткөндөй, сурамжылоого алынган кыргызстандыктардын 44 пайызы соттор абдан жемкорлошкон деген пикирин айтышкан. Дагы 40 пайызы судьялар жетишээрлик коррупциялашканын белгилешкен болчу. Ал эми 2017-жылы ушул эле уюм жүргүзгөн изилдөөдө жарандардын ар кыл уюмдарга жана мамлекеттик мекемелерге карата пикири чагылдырылган.

Анда кыргызстандыктардын 75 пайызы жалпыга маалымдоо каражаттарына көзү түз экенин айтып, 18 пайызы гана терс пикирин билдиришкен. Өлкөнүн соттору тууралуу болсо жарандардын 40 пайызы гана оң пикирде болуп, 51 пайызы терс мүнөздөмө беришти.