Сүрөт чыры: музейдин директору кызматтан кетти (видео)

905

19-кылымга таандык 2 сүрөттүн айынан Улуттук көркөм сүрөт музейинин директору кызматтан алынды. Юристанбек Шыгаев мамлекеттик мүлк болуп саналган эки эмгекти алып чыгып, музейге начар абалда кайтарганы ачыкталды. Бул окуя боюнча комиссия түзүлдү.

Шыгаев кымбат баалуу чыгармалардын көчүрмөсүн жасатып, эмгекти музейге кайтарган учурда жарака кеткени байкалган. Бул сүрөттөр советтик мезгилде Третьяков галереясы жана Пушкин музейи тарабынан белекке берилген. «Бакуниндин портрети» менен «Ат менен ит» сүрөтү мамлекеттик мүлк катары саналат.