Суталинов өлүм алдында. Батукаевге берилген эркиндик ага да берилеби? (видео)

700

Бишкек шаардык сотунда атайын кызматтын мурдагы жетекчисин мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча маселе каралмак. Бирок ага жазаларды аткаруу кызматынын өкүлү келбей калгандыктан соттук процесс 7-майга жылдырылды. Ал эми Мурат Суталинов абалы оор болгондуктан сотко алып келинген жок. Суталинов жактоочулары анын катуу ооруп жатканын билдиришти.

Эске салсак, Мурат Суталинов 2010-жылдагы Апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон. Ошол учурда ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти жетектеп турган.