Сүттүн баасы жазында кескин көтөрүлүшү мүмкүн (видео)

2056

Сүттүн баасы жазында кескин көтөрүлүп, тартыштык азыркыдан дагы күчөшү мүмкүн. Мындай божомолу менен Кыргыз сүт палатасынын төрагасы Нурбек Жыргалбаев бөлүштү. Бишкек шаардык Саламаттык сактоо башкармалыгына караштуу балдардын сүт ашканасында бир айдан бери сүт жок.

Эне жана баланы коргоо Улуттук борбору дагы 1 айдан бери азыктын бул түрү менен камсыз болбой жатыптыр. Айыл чарба министрлиги болсо тескерисинче сүт азыктарын өндүрүү былтыркыга салыштырмалуу 5-10 пайызга жогорулады деп ишендирүүдө. Анда продукциянын баары кайда кетип жатат? Эмнеге аткаминерлердин айтканы менен чыныгы абал эки башкача?