Суу кодекси талкууланган иш-чара кайым айтышуу менен аяктады

858

Суу кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү талкуулаган тегерек стол эки тараптуу кайым айтышуу менен аяктады. Тараптар орток пикирге келе алышкан жок. Бул мыйзамдолбоору менен Кумтөр кенине жакын жайгашкан Давыдов жана Лысый мөңгүлөрдүн башка жакка жылдырууга уруксат берүү каралууда.

Тегерек столго вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев катышып, жарандык активисттерди Кумтөр кенине чогуу барып келүүгө чакырды. Ошол эле учурда, өкмөт мыйзам долбоорун артка чакыртпай турганын билдирди. Активисттер өзгөртүүлөрдү артка чакыртпасаңар, Кумтөрго баруунун кажети жок деген чечимге келип, нааразы пикирлерин билдиришти.

Бул окуяга комментарий берген вице-премьер-министр, Давыдов менен Лысый мөңгүлөрү буга чейин эле эрип жок болгонун, учурда болгону алардын 20-30 пайызы калганын айтты. Жарандык активисттер өз кезегинде мөөнөтсүз митингдерди уланта берээрин жана талаптары аткарылбаса, ачкачылык акциясына бараарын айтышууда.