Сууга чөгүп кеткен баланын сөөгү табылды (видео)

1048

Аламүдүн районунда сууга чөгүп кеткен 11 жаштагы баланын жансыз денеси 2 күндөн кийин табылды. Чоң Чүй каналына агып кеткен өспүрүмдү издөө үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 35 куткаруучу жана суучул тартылган. Этиятсыздыктан улам сууга чөгүп каза тапкан 11 жаштагы баланын денеси бүгүн эртең менен гана табылды. Сууга түшүү мезгили башталганга чейин эле өлкө боюнча 22 адам сууга чөгүп каза болгону маалым болду. Алардын он үчү — эркек, төртөө — аял, бешөө — жашы жете элек балдар. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындай кейиштүү окуялардын алдын алуу максатында сууга түшүү учурунда этият болуу керектигин эскертүүдө.