Сууга чөгүп кетти делген эки жаранды издөө иштери уланууда

873

Сууга чөгүп кетти делген эки жаран табыла элек, аларды издөө иштери улантылууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Ош областынын Кара-Суу районунун Эрин айылындагы Савай каналына түшүп кеткен 49 жаштагы жаранды беш милиционер, алты куткаруучу жана жергиликтүү тургундар издеп жатышат.

Мындан тышкары, Баткен областынын Кадамжай шаарынын Больничный көчөсүндөгү сууга бир эркек адам чогуп кетти деген маалымат түшүп, ал дагы изделип жатат. Айрым маалыматтарга караганда, ал мас абалында сууга өзү секирип кеткен.