Суукта көчөдө калган 25 адам «Коломтого» кайрылган (видео)

870

Селсаяктарды кышкы сууктан сактоо үчүн ачылган атайын мекемелер баш паанекке муктаж адамдарды кайсы убак болбосун кабыл алууга даяр. Мисалы, кечээ күнү эле турак-жайы жокторду кабыл алган «Коломто» муниципалдык мекемесине суукта көчөдө калган 25 адам кайрылган. Аталган мекеменин жетекчисинин айтымында, аларга келген селсаяктарга ысык чай, тамак берилип, керектүү жардам көрсөтүлөт. Ошондой эле жарандар кимдир бирөөнүн баш-паанексиз көчөдө калганын байкап калышса, тиешелүү мекемелерге жеткирип коюуга чакырып жатышат.