Сууктан улам Өзбекстанга электр энергиясын экспорттоо токтотулат

939

Аба-ырайы кескин суукташынан улам Өзбекстанга электр энергиясын экспорттоо токтотулат. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг ишканасынан билдиришти. Мекеме жетекчилиги маалымдагандай, былтыркы жылдын декабрь айынан бери кошуна өлкөгө электр энергиясы атайын келишимдин негизинде сатылып келген. Бирок күн сууктагандыгына байланыштуу эки тараптуу макулдашуунун негизинде экспорт убактылуу токтотулду.

Эске салсак, 2017-жылдын июнь айынан октябрга чейин Өзбекстанга 1 миллиард 140 миллион киловатт саат электр энергиясы сатылган. Андан кийин, кыш мезгилинде кошумча 550 миллион киловатт сатуу боюнча сүйлөшүлгөн болчу.

Ошондой эле, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 17 миллиард кубка жакын экени белгиленди. Бул көрсөткүч алдын ала пландалган иштин бир калыпта улануусуна өбөлгө түзөт, дешет адистер.