Сууну товар катары сатуу керекпи? (видео)

875

Өкмөт сууну товар катары сатуу маселесин карап көрүшү керек. Мындай демилгени парламенттеги социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Төрөбай Зулпукаров көтөрүп чыкты. Депутаттын пикиринде, дүйнөдө бир катар өлкөлөр жаратылыш байлыктарын товар катары сатып киреше тапкандан тышкары, аны башка өлкөлөр менен сүйлөшүүдө курал катары пайдаланып келет. Бирок коомчулукта бул маселе боюнча пикирлер ар кандай. Айрымдар демилгени эгемендүүлүк алган жылдарда эле ишке ашыруу керектигин айтышса, кээ бири бул маселени кароо этияттыкты талап кылат дешет.