Суунун жээгинен ымыркайдын жансыз денеси табылды (видео)

900

Бишкекте суунун жээгинен жаңы төрөлгөн наристенин жансыз денеси табылды. Ал суукка тоңуп, ит мышыктардын таландысында калган, дешет тартип сакчылары. Баласынан баш тартканы аз келгенсип, аны ээн талаага таштап, өлүмүнө себепкер болгон күкүк эне учурда изделүүдө. Бул фактыга байланыштуу кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда ай күнү жетип калган кош бойлуу келиндер текшерилип жатат. Окуя Бишкектин “Аламүдүн-1” кичи районунда жылуулук энерго борборунун жанындагы суунун жээгинде катталган. Ал ээн жер болгондуктан, киши көп деле келбейт. Андыктан келин изин жашырыш үчүн алыстан келип, атайын ушул жерди тандаган болушу мүмкүн, дешет милицияда.