Суусамыр айыл аймагында калың жааган кардан улам 5 айыл жарыксыз калды

927

8-9-сентябрда калың жааган кардан улам электр зымдары үзүлүп, мамылар кулап, электр тармагынын кызматкерлери оңдоп-түзөөгө жетише албай жатканы кабарланды. Бирок жергиликтүү тургундар биринчи кезекте оорукана, мектептерди жарык менен камсыз кылгандан кийин гана, турак-жайларга киришүүнү талап кылып жатышкан экен.

Учурда Суусамыр өрөөнүндө байланыш да үзгүлтүккө учурап жатыптыр. Бул жолку жааган кар жайыттарда малды кармоону да оорлоткон. Калың жааган кардан улам Суусамыр айылынын Сандык жайлоосунда малы менен калып калган койчулар кечээ түшүрүлгөн.

Белгилей кетсек, Суусамырда жалпысынан 6100 гектар арпа эгилген болсо, анын 1100 гектары чабылган. Ал эми калган 5000 гектар айдоо аянтындагы арпа кар алдында калды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.