Суусамырда оодарылган автозактан 41 кылмышкер качтыбы? (видео)

817

Ош-Бишкек авто жолундагы кырсыкта 6 адам каза болду! Жалал-Абад областык ички иштер башкармалыгы билдиргендей, каршы тилкелерде келе жаткан «Ауди» үлгүсүндөгү эки унаа бетме-бет сүзүшкөн. Аларга «Хундай Портер» унаасы келип кагылган. Окуя болгон жерде 5 киши каза болуп, дагы бирөө ооруканада көз жумду. Учурда кырсыктын себептери иликтенип жатат. Ушул эле жолдун Суусамырдагы тилкесинде Ош, Жалал-Абад жана Баткенден соттолгон 41 жаранды ташып келе жаткан унаа оодарылып кетип, 3 адам жабыркады. Айдоочу жана соттолгон эки адам ар кандай жаракаттарды алып, Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген. Жаза аткаруу кызматы кабарлагандай, кырсыкка кабылган автомашинадагы соттолгондордун эч кимиси качкан жок.