Сузак менен Жалал-Абад шаарына киргизилген өзгөчө кырдаал тартиби алынды

800

Жалал-Абад шаарына жана Сузак районуна киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды. Эске салсак, 29-апрель күнү эртең менен Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясынын сол жээк тарабына көлөмү 1,5 миллион кубка жеткен жер көчкү түшүп, суунун нугун бөгөп калган.

Анын кесепетинен Сузактын Курманбек айыл аймагынын дарыя боюндагы айылдарын жана Жалал-Абад шаарын суу каптоо коркунучу жаралып, аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилген болчу. Жеринде атайын штаб түзүлүп, кооптуу аймакта жайгашкан үйлөрдүн тургундарына Жарандык коргонуу комиссиясы түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Жер көчкү түшкөн тилкени тазалоо иштери улантылууда. Маалыматтарга караганда, топтолгон суу көчүп түшкөн топуракты жиреп, өз нугу менен агып жатат.