Сузак райондук сотунда Музаффар Исаковдун иши каралат

591

Эл өкүлүнө былтыр коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Музаффар Исаков Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүн жетектеп турганда 315 мыйзамсыз токтом чыгарып, 15 гектар айдоо жерин курулушка берген деп күнөөлөнүп жатат.

Тергөө маалында жарандар жер тилкелерин 1500-3000 доллардан сатып алышканын билдиришкен.

Ал эми соттун алдында Музаффар Исаков депутаттык мандатынан баш тартуу тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына өзү арыз менен кайрылды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.