Сузак районунда жер көчкү коркунучунан улам мектеп жабылды

747

Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Орток айылында жер көчкү коркунучунан улам мектеп жабылды. Маалыматтарга караганда, бул окуу жайында 100дон ашык окуучу билим алып келет. Ошондой эле, жергиликтүү бийлик кооптуу аймакта жашаган 33 үй-бүлөнү көчүрүү аракеттерин көрүп жатканы да белгилүү болду. Айрымдары башка жакка жер которууго макул болбой, мектепти ачуу талабын коюп жатканы да айтылууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сузак району боюнча башкарламыгынын жетекчисинин айтымында, 1998-жылдан 2005-жылга чейин Орток айылындагы 133 үй-бүлөгө башка аймактан жер тилкелери бөлүнүп, 250 миң сомдон ссуда берилген. 100 үй-бүлө көчүп кетсе, калган 33 түтүн мамлекеттен тиешелүү жардам алганына карабастан, учурда дагы кооптуу тилкеде жашап келет. Аларга бир нече жолу эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөр бул үй-бүлөлөрдү мажбурлап жер котортуу боюнча сотко кайрылганы белгилүү болду. Жалпысынан Сузак районунда 900 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашап келишет.