Сузак районунун дагы 3 тургуну коронавируска шектелүүдө (видео)

3139

Өлкөдөгү коронавирустун жаңы учуру катталган жок жана эпидемиологиялык абал туруктуу. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин билдирүүсүнө караганда, илдет менен обсервацияда жаткан 3 кишиден тышкары, Сузак районунун дагы 3 тургуну жаңы типтеги вируска шектелүүдө.

Алардан вирустун клиникалык белгилери байкалганы менен анализдери таза чыгып жатыптыр. Ал арада өзгөчө кырдаал жарыяланган Сузак районуна азык-түлүк, дары дармек жана коргонуучу медициналык каражаттар жеткирилип, аймак толук камсыздалган.