Сузакта кайра жер көчкү жүрдү (видео)

1001

Кечээ жакында эле ири жер көчкү жүргөн Жалал-Абаддын Сузак районундагы 446 үй-бүлө — коопсуз жерге көчүүдөн баш тартууда. Учурда жаратылыш кырсыгы болгон жерге жакын жайгашкан үйлөрдүн саны миңден ашат. Сузак районунун акими Эрмекбай Омошевдин айтымында, аларды башка жакка мажбурлап көчүрүү үчүн райондогу айыл өкмөттөрү сотко кайрылууга аргасыз болуп жатышыптыр. Андыктан айыл тургундарын эвакуациялоого канча убакыт кетээри белгисиз. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү тургундарды көчүрүүнү тездетуу үчүн мектептерди жаап, электр жарыгын өчүрүүгө аргасыз болуп жатышканын билдиришти.