Свердлов райондук салык кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

723

Бишкектеги Свердлов райондук салык кызматынын башкармалыгынын кызматкери тарабынан пара алуу фактысынын бети ачылды. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдиргендей, аларга жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, салык кызматкери ишти оңунан чечип берем деп пара доолап жатканын айткан.

Финпол тарабынан таратылган видеодо бардык ишти чечим берем деп сүйлөп жаткан кишини көрүүгө болот. Андан кийин иш бөлмөгө финполдун кызматкерлери кирип келип, инспекторду кармашат. Анын жанынан «пара» деген жазуусу бар 15 миң сом көлөмүндөгү акча чыккан. Бишкек шаардык прокуратурасы аталган факт боюнча кылмыш ишин козгоду. Салык кызматынын өкүлү кармалып, тергөө амалдары жүрүүдө.