Сын айтып жүрүп кызматка жеткендер (видео)

2036

Укук коргоочу Рита Карасартованын кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалышына Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова каршы чыкты. Эл өкүлү өкмөттүн кадр саясатын сынга алды. Ал эми жаңы кызматка дайындалган Рита Карасартова депутатты дебатка чакырды.

Акыркы убакта бийликти сындап жүргөн бир катар жарандык активисттер мамлекеттик кызматка барган учурлар көбөйдү. Муну айрымдар жакшы көрүнүш деп баалашууда. Бирок креслого жеткенден кийин калыстыктан тайып жаткандары да бар.