Сынак тапшырган дин кызматкерлерине стипендия берилет (видео)

967

Аймактардагы дин кызматкерлеринин билим деңгээли жогорулатылууда. «Ыйман» фондусу имам-молдолорду окутуунун үчүнчү этабын баштады. Учурда Ош областындагы мечит кызматкерлери сабак алып жатышат. Анда терроризм, экстремизмден алыс болуу, дин менен каада салтты, маданиятты бирдей алып кетүүнүн жолдору үйрөтүлүүдө. Ошондой эле, имамдар менен мамлекеттик кызматкерлердин тыгыз кызматташуусун камсыз кылуу, дейт уюштуруучулар. Молдолорду окууларга кызыктыруунун жолдору да иштелип чыккан. Семинардын соңунда дин кызматкерлери сынак тапшырат, андан өткөндөргө стипендия берилет.