Сынактан кулаган айдоочулар каттамдан алынат (видео)

492

Мектеп окуучусу автобуска тебеленип каза болгондон кийин коомдук транспорттун айдоочуларын текшерүү күчөдү. Бишкекте 3 күндөн бери айдоочулар жол эрежелери жана транспортту эксплуатациялоо боюнча экзамен тапшырып жатышат.

Тесттен өтпөй калгандарга экинчи мүмкүнчүлүк берилип аларга атайын инструктаж өткөрүлөт. Андан кийин дагы сынактан кулап калса каттамдан алынат.