Сырдуу протоколду ким жарыялады? (видео)

3601

Азиз Батукаев Жаныш Бакиевге алмаштырылмак беле? Учурунда мындай атайын операция жүргүзүү канчалык мыйзамдуу болмок? Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун тергөөгө берген көрсөтмөсүнүн протоколу делген документ жарыяланды.

Анда Азиз Батукаевди бошотууда жасалган амалдардын баары төкпөй чачпай баяндалган. Бул сырдуу протоколду ким ачыктаганы өзүнчө маселе. Азырынча көпчүлүктү анда айтылган сөздөр кызыктырууда.