Таалайбек Өмүралиев генерал-майор наамынан ажыратылды

1226

Мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиев 5 миллион сом айып пулга жыгылып, генерал-майор наамынан ажыратылды. Буга байланыштуу чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Жогорку соттон кабарлашкандай, Таалайбек Өмүралиев министрликти жетектеп турганда финансы башкармалыгынын башчысы экөө мыйзамдарды бузуу менен республикалык бюджеттен которулган 5 миллион сомду башка максатта колдонуу боюнча чечим чыгарышкан. Мунун кесепетинен, каражат максатсыз пайдаланылып кеткен.

Буга байланыштуу Таалайбек Өмүралиевге карата кызмат абалын аша чаап пайдалануу беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Сот аны күнөөлүү деп таап жогорку аскердик наамынан ажыратуу менен 5 миллион сом штраф салды.