Таалайбек Өмүралиев коргоо министри кызматында калабы? (видео)

1259

Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев аскер кызматкерлерине батирлерди бөлүштүрүүдө күнөөлүү деп табылып, ага 5 миллион сом айып салынды. Тиешелүү өкүмдү Бишкек шаардык соту чыгарды.

Жетекчи менен кошо тиешелүү иште өтүп жаткан дагы 10 офицер «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жаза чегерилген эмес. Ал арада Таалайбек Өмүралиевге карата соттун өкүмү чыккандан кийин, анын мекемени башкарып отурганга укугу барбы деген суроо коюлууда.